ИИМ депутаттардын суракка чакырылышы боюнча билдирүү таратты

Автор -

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын суракка чакырылышы боюнча билдирүү таратты.

Анда суракка чакырылгандардын арасында жаңы сунушталган Конституцияны колдогондор да бар экендиги, ошол себептен октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок экендиги айтылат.

Министрликтин маалыматына караганда, 5-6-октябрь күндөрү болгон окуялар жана фактылар боюнча Жазык кодексинин бир нече оор беренелеринин негизинде кылмыш иштери козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Анын алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмеси түзүлгөн. Алардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар да бар.

«Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого мүмкүн эмес. Мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, акыйкат жыйынтык чыгаруу керек. Октябрь окуяларынын жүрүшүндө окуяларга катышкан, аны билген, ал окуяларга аралашып жүргөндөр тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы суракка чакырылгандарды күбө катары гана сурап жатат. Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор да бар экендиги белгилүү. Ошол себептен октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок экендигин белгилейбиз», – деп билдирет министрлик.

Жогорку Кеңештин төрт депутаты Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылган. Коомчулукта алар Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин билдиргени үчүн суракка алынып жатканы айтылды.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болгондуктан бир топ саясий партия нааразылыкка чыккан. Ал массалык башаламандыкка айланып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышкан.

Жаңы жазылган мыйзам долбоордо эң көп Конституциянын III бөлүмү «Мамлекеттик бийликтин органдары» боюнча оңдоп-түзөөлөр сунушталууда. Анда мамлекет башчы бир эле убакта аткаруу бийлигинин да башында турары, 5 жылдык мөөнөт менен 2 жолу шайланууга укуктуу экени айтылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү