УКМК: Кылмышка шектүүнүн өлүмү үчүн 6 милиция кызматкери кармалды

Автор -

Ош облусунда каракчылыкка шектелген 26 жаштагы К.уулу М. аттуу жаран Ош ОИИБине алынып келинген учурда эс-учун жоготуп, кийин каза тапкан. Бул факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бүгүн, 20-ноябрда УКМК бул фактынын негизинде шектүү катары Ош ОИИБинин Криминалдык милиция кызматынын 6 кызматкери кармалганын билдирди. Алар: 32 жаштагы А.С, 39 жаштагы Э.У., 31 жаштагы С.Д., 32 жаштагы А.Ш., 32 жаштагы О.А., жана 34 жаштагы Ш.С.

Кармалган кызматкерлер Ош облустук УКМКнын Тергөө изоляторуна киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

5-октябрь күнү Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну А.Ш. милицияга кайрылып,  өзүнө тапанча такап коркутуп, 4 миллион 230 миӊ сом акчасын карактап кеткен жарандарга чара көрүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы И.Э. суракка алынып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Териштирүү иштеринде дагы бир шектүү Ноокат районунун Муркут айылынын 26 жаштагы тургуну К.у.М. кармалган. Ал Ош ОИИБине алынып келген учурда эс-учун жоготуп, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаардык «Тез жардам» кызматына жеткирилген учурда өзүнө келбей каза болгон.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү