ДССУ: 2021-жылы коронавирустун 3-толкуну болушу мүмкүн

Автор -
268

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын өкүлү Дэвид Набарро 2021-жылдын башында Европада коронавирустун үчүнчү толкуну боюнча коркунуч бар экенин эскертти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, Европа өлкөлөрү илдеттин биринчи толкунун көзөмөлгө алганы менен экинчи толкунду алдын ала алышкан эмес.

«Европанын пандемияга каршы аракети жетишсиз болду. Алар биринчи толкунду көзөмөлгө алганы менен жай айларында зарыл болгон инфраструктураны кура салууга жетишпей калышты. Эми аларга экинчи толкун келди. Эгер зарыл болгон инфраструктураны куруп албаса, 2021-жылдын башында аларда үчүнчү толкун болот», — деген Набарро.

Ал белгилегендей, учурда Батыш Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө вирусту кайрадан көзөмөлгө алуу милдети турат. Бирок алар локдаун (бөгөт коюу) сыяктуу орой чараны колдонбошу керек, анткени ал кымбатка турат.

Учурда Европада оору жуктургандардын саны кайрадан өсүп баштаганы байкалууда. Франция менен Германия ноябрдын башында кайрадан эң катаал чектөөлөр киргизилгенин жарыялады. Окумуштуулар пандемиянын тездик менен өсүшү коронавирустун жаңы мутациясы менен байланыштуу экенин эскертишти.