Алты жаштагы өгөй баласын сабоого шектелип кармалган жаран учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды. Зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Эске сала кетсек, кечээ соцтармактарда Чүй облусунун Сокулук районундагы «Поле чудес» конушунда өгөй атасы 6 жаштагы баланы көгала кылып сабаганы тууралуу маалымат тараган. Окуя 17-ноябрь күнү кечке маал болуп, эртеси, 18-ноябрда баланын апасы Эркеайым Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Анда аял 33 жаштагы Азамат Байтемиров аттуу күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы, Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген.