Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аким конфискациялануучу жер участогу боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында кечээ, 23-ноябрда, кармалган. Буга чейин бул кылмышка шектүү делип Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. колго түшүрүлгөнү айтылат.
«2016-жылы материалдык пайда көрүү максатында өз байланыштарын колдонуп президенттик аппараттын кызмат адамдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери «Г.Э.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн. Натыйжада сот иштерин жана чечимдерин жасалмалап, соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктү мыйзамсыз түрдө камактан чыгарган», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарын издөө иштери жүрүп жатат.
Константин Куценконун аким болуп дайындалганына бир ай боло элек.