Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат

Автор -

Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал мындай сунушту Республикалык штабга бергенден кийин алар уруксат кылганын белгилеген.

«Биз кинотеатрларды 1-декабрдан тарта ачуу боюнча чечим кабыл алганы жатабыз, бирок залдар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат. Санитардык нормалар боюнча алгоритм жакшы», — деди Түлөбаев.

Ал ошондой эле мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынарын, тойканаларга өзүнчө алгоритм киргизилерин кошумчалады.

Кыргызстандагы кинотеатрлар 2020-жылдын март айынан бери иштебей келет. Буга COVID-19 илдетине байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал себеп болгон. Сентябрда кинотеатр ээлери бийликтен ишкерликти улантууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Алгач кинотеатрлар 19-ноябрда ачылары айтылган, бирок кийин штаб чечим кабыл ала электиги маалым болгон.

Бөлүшүү