Парламентте Ализа Солтонбеканын талапкерлигин жактырышты

Автор -

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Ализа Солтонбеканын талапкерлигин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына жактырышты.

Анын талапкерлигин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков алып чыкты. Эл өкүлдөрү талапкерге социалдык тармакты өнүктүрүү боюнча бир катар суроолорду беришти. Эскерте кетсек, Солтонбекова 2018-жылдын ноябрынан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келет.

Буга чейин бул министрликти Улукбек Кочкоров жетектеп келген.

Бөлүшүү