COVID-19 илдетинен 455 адам сакайып чыкты

Автор -

25-ноябрга карата COVID-19 илдетинен 455 адам сакайып чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

— Бишкек – 111;
— Ош шаары – 13;
— Чүй облусу – 68;
— Ош облусу – 53;
— Талас облусу – 32;
— Нарын облусу – 13;
— Ысык-Көл облусу – 63;
— Жалал-Абад облусу – 56;
— Баткен облусу – 46.

Учурда өлкө ооруканаларында коронавирус жана пневмониядан 2851 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен:
— 60 адам (2,1%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1870 (65,5%) — орто оордукта;
— 794 (27,8%) — оор абалда;
— 127 (4,4%) — өтө оор абалда.

Дагы 3832 адам үй шартында дарыланып жатат.

Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти 70 миң 744 адам жуктурду. Алардын ичинен 62 048 адам  айыгып чыкты. 1245 адам каза тапты.