Таласта оорукана оңдоодо 900 миң сом «желгени» аныкталды

Автор -

Таласта мамлекеттик казынага 900 миң сом зыян келтирүүгө шектелип, жеке ишкананын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.«»

Маалыматка караганда, бул зыян Таластагы облустук оорукананы реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү учурунда келтирилген.  Жеке ишкананын жетекчиси Д.А. Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл адиси Ч.К. менен жең ичинен сүйлөшүп алып, аткарылган иштин баасын негизсиз жогору баалаган. Мунун негизинде мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 900 миң сомдон ашык сумманы түздү.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 320-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча бирдиктүү реестрге катталды.

Учурда Д.А. Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл адиси Ч.К.га кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү тапшырылып, учурда ооруп жатканына байланыштуу, айыкканда келүүгө милдеттенме алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.