Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 2 бир тууган аман-эсен табылды

Автор -

Кечээ Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан бир туугандар аман-эсен табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү Октябрь РИИБине К.Д аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 10:20да 6-кичи районунда жайгашкан батирлерден 2009-жылы туулган Салижанова Даткайым жана 2012-жылы туулган Салижанов Барсбек аттуу балдары сейилдөөгө чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени жазылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 26-ноябрда түнкү саат 01:40 чамасында балдардын атасы телефон чалып, жоголгон балдар аман-эсен Жалал-Абад облусунда экенин билдирген.

Дайынсыз жоголгон балдардын ата-энеси милиция кызматкерлерине издөө, көңүл буруу, оперативдүү жардамы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү