Депутат чиновниктердин санын эки эсеге кыскартууну сунуштады

Автор -

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин отуруму учурунда депутат Абдывахап Нурбаев өкмөт аппаратынын жана мамлекеттик чиновниктердин санын эки эсеге кыскартууну сунуштады.

Ал өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиковдон быйыл өлкө тышкы карыздын эсебинен жардам катары канча каражат алганын сурады.

Новиков $343 млн доллар алынганын айтты( сом менен айтканда 25 миллиард). Бул акчадан 8 млрд сом бюджеттеги кызматкерлердин маянасын төлөөгө, 5,4 млрд пенсияга, 2 млрд жөлөк пулдарды берүүгө кеткенин кошумчалады. Ал эми коронавирус менен күрөшүүгө 3,1 млрд сом корогон.

«25 миллиард сомдун он жетиси мамлекеттик чиновниктердин маянасына кетиптир, кийин бул акчаны жөнөкөй эл пайызы менен төлөйт да, туурабы?» — деп тактады депутат.

Новиков бул акчанын баары аткаминерлердин маянасына сарпталбаганын, көп бөлүгү мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын төлөөгө, пенсия, жөлөк пулдарга кеткенин айтты.

Нурбаев 2020-жылы өкмөт «өзүн-өзү эптей албай, сырткы карызды айлык төлөөгө жумшаганын» билдирди. Новиков буга макул болуп, быйыл салыктык кирешелер 31 млрд сомго азайганын кошумчалады.

Нурбаев келерки жылга чиновниктерди эки эсеге кыскартпаса, кырдаал мындан да жаман болорун эскертти.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков түзүлгөн комиссия мамлекеттик башкаруу системин оптимизациялоо боюнча иштеп жатканын айтты.

«Биз жүздөгөн мындай комиссияларды көрдүк, эгер бекем эрк болбосо, министрликтер өздөрүн кыскартпайт, буга жетекчинин эрки керек», — деди Нурбаев.

Бөлүшүү