Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Автор -

Жаңы жылга карата корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чараларда көп адам чогулуп, социалдык аралык сакталбай, бет кап тагынышпайт.

«Бул чектөө айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Биз корпоративдик кечелерди өткөрбөө керек деп эсептейбиз. Бул багытта мамлекеттик кызматтарга, жергиликтүү башкаруу органдарына тапшырмалар берилди», — деди ал.

Вице-премьер-министр азырынча мурда киргизилген чектөөлөрдү алып салуу эртелик кыларын белгилеп, кинотеатрлардын иши аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша жанданарын билдирди. Анын айтымында, тойкана, ашкана жана башка элүүдөн көп эл чогулуучу коомдук тамактануучу жайлардын ишин жандантуу үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгууда.

Өлкөдө 26-ноябрга карата коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 71 миң 171 адам болду. Анын ичинен 62 544 адам айыгып чыкты. 1251 адам каза тапты.

Бөлүшүү