Ишкердин соода түйүнүн тартып алууга аракет кылгандар кармалды

Автор -

Ишкерди коркутуп, соода түйүнүн тартып алууга аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 25-ноябрь күнү 32 жаштагы Э.Т. жана Э.К. кармалган.

«Колго түшкөн жарандар 2020-жылдын сентябрь айында жеке ишкерди коркутуп, Бишкектеги соода комплекстердин бириндеги түйүнүн тартып алууга аракет жасашкан. Ошондой эле ишкерди шаар четине чыгарып дагы коркутушкан», — деп айтылат маалыматта.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда УКМК аталган фактыга тийиштиги бар башка шектүүлөрдү издеп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү