Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы 377 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар төмөнкү аймактардан:
— Бишкек — 100
— Ош — 8
— Чүй облусу – 127
— Ош облусу — 26
— Талас облусу — 15
— Нарын облусу — 13
— Ысык-Көл облусу – 36
— Жалал-Абад облусу – 22
— Баткен облусу — 30.
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 71 548 адамга жетти. Бир сутка ичинде 402 адам айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери жалпы 62 946 адам айыкты.
27-ноябрга карата ооруканаларда 2875 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 53 адам (1,8%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1961 (68,2%) — орто оордукта;
— 746 (25,9%) — оор абалда;
— 115 (4,0%) — өтө оор абалда.
Дагы 3698 бейтап үй шартында дарыланууда.