Кыргызстан Россиядан вакцина сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

Автор -

Кыргызстан коронавируска каршы вакцина сатып алуу боюнча Россия менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева кабарлады.

Август айында Россияда өндүрүлгөн вакцина сыноодон өтүп, дарылоого уруксат берилген күндөн тарта аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кат жөнөтүлгөн.

Сурабалдиеванын айтымында, келе турган вакцинанын көлөмү, алып келүү убактысы, Кыргызстанда каттоо процедуралары иштелип чыккан. Адистер Россияга барып, «Спутник-5» вакцинасынын клиникалык сыноолору кандай өтүп жатканын көрүп келген.

Кыргыз өкмөтү башка өлкөлөрдө өндүрүлүп жаткан вакциналардын сыноолоруна да байкоо салып жатат.

Өлкөдө 26-ноябрга карата коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 71 миң 171 адам болду. Анын ичинен 62 544 адам айыгып чыкты. 1251 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү