COVID-19: сутка ичинде 377 адам жуктуруп, 402 киши айыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы 377 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактардан:
Бишкек — 100
Ош — 8
Чүй облусу – 127
Ош облусу — 26
Талас облусу — 15
Нарын облусу — 13
Ысык-Көл облусу – 36
Жалал-Абад облусу – 22
Баткен облусу — 30.

Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 71 548 адамга жетти. Бир сутка ичинде 402 адам айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери жалпы 62 946 адам айыкты.

27-ноябрга карата ооруканаларда 2875 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 53 адам (1,8%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1961 (68,2%) — орто оордукта;
— 746 (25,9%) — оор абалда;
— 115 (4,0%) — өтө оор абалда.

Дагы 3698 бейтап үй шартында дарыланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү