Ысык-Атада ЖКККБ кызматкерин опузалаган окуя боюнча иш ачылды

Автор -

Ысык-Ата районунда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабына баш ийбей, кайра аларды коркуткан окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери
жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 26-ноябрь күнү Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери Финполдун кызматкерлери менен бирге рейд өткөрүп жатканда,  Ысык-Ата районунун аймагындагы көзөмөл өткөрмө жайынын биринен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү эки автоунаа документтерин текшерүү үчүн токтотулуп, бирок алар
качууга аракет кылышкан.

«Кызматкер аркасынан жетип токтоткон учурда автоунаадагы адамдар кызматкерге каршылык көргөзүп, ага күч колдонуу учурунда кызматкер табелдик куралынан абага ок чыгарып, эскертүү иретинде куралын колдонгон. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышкан», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда автоунаалардын биринин айдоочусу
аныкталып, ал 23 жаштагы М.М. аттуу жаран экендиги такталган. Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа унаа токтотуучу айып жайына токтотулуп, тергөө кызматы автоунаадан скотч менен оролгон буюмдарды табышкан.

Бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи автоунааны аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.