Денесине 21 жолу бычак сайган. Ошто адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Автор -
260

Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-ноябрда саат 9:00 чамасында Ош шаардык милициясына бир жаран чалып, шаардын Атабаев көчөсүнөн уулунун канга боелгон денесин тапканын билдирген. Ал уулу үйгө келбеген үчүн издеп чыккан.

Айтылган жерге барып, маркумдун денесине кароо жүргүзгөн милиция кызматкерлери ага 21 жолу бычак сайылганын аныкташкан. Издөө иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 58 жана 60 жаштагы эки жараны кармалган. Экөө тең буга чейин адам өлтүрүү боюнча соттолуп чыгышкан.

«Шектүү катары кармалган 1962-жылы туулган С.О.нун жашаган үйүн кароо учурунда канга болгон кийимдер, 1 даана кандын тактары бар аш бычак жана узундугу 40 сантиметр таяк табылган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, маркум менен шектүү С.О.нун ортосунда уруш чыккан. Анда ичкилик ичип отурушуп, «сен мени сыйлайсыңбы, же сыйлабайсыңбы?» деген сөздөн уруш чыгып, аягы адам өлүмүнө алып келген. Учурда бул кылмышка шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Абайлаңыздар, сүрөт!

[свернуть]