Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакырылды

Автор -
219

Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди мурда ачылган кылмыш ишине байланыштуу Финполго суракка чакырышты. Бул тууралуу күз түзүмдөрүнө таянып, Kaktus.media жазды.

Маалыматка караганда, Сарпашев бүгүн саат 17:00гө суракка келиши керек.

Эске сала кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

«Мамлекеттик кызматта жооптуу жетекчилик орундарды ээлеп жүргөн кезинде ал көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, аларды жакын туугандарынын атына жаздырган, декларациясында ал мүлктөрүн көрсөткөн эмес», — деп билдиришкен Финполдон.