27-ноябрь күнү Өзгөн районунун Макаренко айылында 8 жаштагы кыздын асынып каза болушу боюнча айрым жагдайлар белгилүү болду, деп жазат Turmush басылмасы.
Маалыматка караганда, окуучу кыздын асынып өлгөндүгү тууралуу кабар райондук милицияга Өзгөн аймактык ооруканасынан келип түшкөн. РИИБдин ыкчам тергөө тобу кыздын айылына барып, окуя 27-ноябрда саат 14:30 чамасында болгонун аныкташкан. Кыз белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы 2 кабаттуу мал сарайдын чатырында пресс жип менен асынып алганы белгилүү болгон. Ал айылдагы мектепте 3-класста окуп, өз классында сабакты жакшы окуган үлгүлүү окуучулардын бири болгон. Окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Апасы мугалим болгондуктан, ал күнү балдары онлайн сабакка колдонуучу уюлдук телефонун алып, онлайн конференцияга катышканы мектепке кеткен. Үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан.
Асынган сарайдын чатырына буга чейин 10 жаштагы эжеси малга чөп салганы чыгып-түшүп турган. Пресстелген чөптөн чечилип алынган жиптерди сарайдын бир бурчундагы мыкка топтоп илип коюшчу. К.А. асынган жип ошол жиптерден алынганы такталган. Кошуналары маркумдун үй-бүлөсү ошол аймактагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдөн болуп саналарын билдиришкен.
К.А.нын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинолор түрткү бериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Себеби жакындары кыз буга чейин өз жанын кыйгандар жөнүндөгү кинолорго кызыгып, кайталап көргөнүн билдиришти. Окуя болгон күнү ал кыз кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калышы мүмкүндүгүн айтышууда.
Учурда Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан атайын топ түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.