Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 478 жаран сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек – 113
— Ош шаары – 7
— Чүй облусу – 100
— Ош облусу – 56
— Талас облусу – 18
— Нарын облусу – 7
— Ысык-Көл облусу – 64
— Жалал-Абад облусу – 66
— Баткен облусу – 47.
Учурда стационарда 2651 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 27 адам (1,0%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1794 (67,6%) — орто оордукта;
— 711 (26,8%) — оор абалда;
— 119 (4,4%) — өтө оор абалда.
Дагы 3600 жаран үй шартында дарыланууда.
Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти жуктургандардын саны 73 513 адамга жетти. Алардын ичинен 65 189 адам айыгып чыкты. 1277 адам каза тапты.