«Кадастр» ишканасынын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Автор -

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында бүгүн, 3-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесиндеги аймактык бөлүм башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып турган коррупциялык схема аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрушүндө буга мекеменин жетекчиси М.А.Т. тын катыштыгы бар экени такталды.

Чогулган материалдардын негизинде, 2020-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде М.А.Т. кармалып, УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.