Кыргызстан Кытайдан карызды төлөө мөөнөтүн жылдыра турууну өтүндү

Автор -

Кечээ, 2-декабрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушууда министр элчиден Кытайдын карызын төлөө мөөнөтүн узартууну өтүндү.

Мындан тышкары жолугушуу учурунда кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Казакбаев 24-ноябрдагы кытайлык ишкерлер менен өткөн тегерек үстөлдө кыргыз өкмөтү кытайлык ишканалардын жана ишкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү чараларды көрөрүн кошумчалады.

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Мунун 1,778 млрд. доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Кыргызстан жыл башынан бери быйылкы төлөмдү кийинкиге жылдырып турууну Кытайдан суранып келатат, азырынча андан жыйынтык чыкканы тууралуу маалымат таратыла элек.