Бишкекте мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү «Инстаграм» аркылуу белгисиз жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча менен түз эфирге чыгып сүйлөп жаткандыгы тууралуу видео тараган.
Бул маалымат чыгары менен кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз курал алып жүргөн 25 жаштагы О.Н. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Тактоо учурунда бул видео ушул жылдын 1-декабрында болжол менен саат 23:50 чамасында Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүндө тартылганы белгилүү болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.