Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети 293 жарандан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
— Бишкек шаары — 121;
— Ош шаары — 4;
— Чүй облусу – 63;
— Ош облусу — 3;
— Талас облусу — 11;
— Нарын облусу — 1;
— Ысык-Көл облусу – 46;
— Жалал-Абад облусу – 30;
— Баткен облусу — 12.
Бир сутка ичинде илдетти жуктуруп алгандардын ичинен 12си медицина кызматкерлери, алардын ичинен:
— Бишкектен – 9;
— Чүй облусунан – 1;
— Жалал-Абад облусунда – 1;
— Баткен облусунда – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан өлкө боюнча 3 миң 980 медкызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталып, алардын ичинен 3 миң 679у айыкты.
Ал эми акыркы сутка ичинде 407 бейтап илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Алар:
- Бишкек – 121;
- Ош шаары – 10;
- Чүй облусу – 103;
- Ош облусу – 12;
- Талас облусу – 12;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 38;
- Жалал-Абад облусу – 60;
- Баткен облусу – 50.
Республика боюнча айыккандардын жалпы саны 67 миң 400 болду.