Төрт жылдан бери издөөдө жүргөн РФ жараны Нарындан кармалды

Автор -

Төрт жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргызстандын ИИМинин  Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция
кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн РФ жаранын кармашкан. 41 жаштагы орус жараны М.В.га карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.

Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди.
Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча
маселелер чечилип жатат.