Каза тапкан 30 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөндү

Автор -

Бүгүнкү күндө коронавирустан каза тапкан медициналык кызматкерлердин отузунун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты.

Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү