Төрөхан Жунусбеков «Мегаком» жетекчисинин кеңешчиси болду

Автор -

Төрөхан Жунусбеков «Мегаком» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Маалыматты компаниянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Жунусбековду аталган кызматка дайындоо боюнча буйрукка башкы директор Акылбек Жамангулов кечээ, 7-декабрда кол койду», — дешти мекемеден.

Төрөхан Жунусбековдун кызматка дайындалышын буга чейин айрым маалымат булактары жазган. Ал эми Жунусбеков өзү бул тууралуу кабары жок экенин билдирген.

Буга чейин «Мекенчил» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Төрөхан Жунусбеков өзүн мэрлик кызматка татыктуумун деп сунуштаган.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү