1-январдан баштап Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат

Автор -

2021-жылдын 1-январынан тарта Бишкектин четиндеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат. Бул тууралуу буйрукка шаар мэринин орун басары Балбак Түлөбаев кол койгонун муниципалитеттен билдиришти.

Мындай чечимди кабыл алууга көрүстөндө сөөк коюуга орун калбай калганы себеп болууда.

«Ошондой эле «Ала-Арча», «Жер-Ынтымагы» конуштарынын тургундарынын кайрылуусу, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жана Мамлекеттик экотехинспекциясынын бүтүмдөрү негиз болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ары каза болгондордун сөөгү Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы жаңы көрүcтөнгө коюла баштайт.

Бөлүшүү