Жогорку Сот Дамир Мусакеевге чыккан өкүмдү жокко чыгарды, иш кайра каралат

Автор -

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Сот УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин ишин кайра карап чыкты. Соттук коллегия ага карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды.

Маалыматка караганда, Мусакеевге карата ачылган кылмыш ишинин материалдары кайра кароо үчүн Бишкектин Свердлов райондук сотуна жиберилди.

Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасы Дамир Мусакеевге мыйзамсыз баюу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен иш козгогон. Тергөөнүн божомолунда, ал кызматта турган 2010-жылдан 2017-жылга чейин 20 миллион сомдук мүлктү мыйзамсыз сатып алган жана кесиптик батирлерди өзүнө жакын кызматкерлерге мыйзамсыз бөлүштүрүп берген.

2019-жылдын 24-майында Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 70 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Мусакеев Чүй облусундагы Молдовановка айылында №27 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан.

Бөлүшүү