АКШ Райымбек Матраимовду санкциялык тизмеге киргизди

Автор -
300

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго АКШнын Финансы министрлиги санкция киргизди. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Финансы министрлигинин Американын чет жактагы активдерге көзөмөл кылуу башкармалыгы Азия, Африканын бир топ өлкөлөрүндө коррупцияга аралашкан кишилердин тизмесин жарыялаган. Анда Матраимовго ачылган «санкциялык жеке баракча» да бар.

«Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизме» 9-декабрь − Коррупция менен күрөшүү күнүнө карата жарыяланды.  Анда Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрага орун басарлыгын аркалаган.

АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүү.
         

Бажыдагы коррупция боюнча «Азаттык медиасы» менен Kloop маалымат булагынын биргелешкен иликтөөсү 2019-жылдын 22-ноябрында жарыяланган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келе жатышат.

20-октябрда Улуттук коопсуздук комитети Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду эки миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.