Ысык-Көлдө баласы атасын бейсболдук таяк менен сабап өлтүрдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
9-декабрь күнү Ысык-Көл РИИБне Ананьево айылынын үйлөрүнүн биринде карыган адамдын киши колдуу болуп өлгөн өлүгү табылганы тууралуу билдирүү түшөт.
Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барышып, өлгөн адамга тышкы кароо жүргүзгөндө, анын башы катуу нерсе менен жанчылгандыгы аныкталган. Күбөөлөрдөн сураштырып отуруп, милиция кызматкерлери ал адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал ушул эле айылдын 74 жаштагы тургуну К.Д. болуп чыккан. Бардык тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин, өлгөн адамдын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн райондук ооруканага жеткирилген.
Аталган факт боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, өзгөчө оор кылмыштын бетин тез арада ачууу максатында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары киши колдуу болуп каза болгон адамдын баласы, Ананьево айылынын 41 жаштагы тургуну К.С. колго түшүрүлдү. Алгачкы суракта ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, атасы менен уруша кеткенден улам, аны бейсболдук таяк менен сабагандыгын билдирген. Далил зат катары андан кылмыш куралы болгон бейсболдук таяк алынды.
Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча, шектүү адам райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.