Метродо төрөгөн кыргызстандык келин баласынан баш тартканы айтылууда

Автор -

Россиянын Москва шаарында метродо көз жарган кыргыз келиндин ымыркайынан баш тарткандыгы айтылууда. Бул туурасында «Москва24» каналы айрым басылмаларга шилтеме берүү менен видео жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, аялдын төрөтүн полиция кызматкерлери менен метродо гезит саткан аял кабыл алып, 3 килограмм салмактагы дени сак эркек бала төрөлгөн. Тилекке каршы, 29 жаштагы келин өз уулунан баш тарткан.

Буга чейин 10-декабрда Москвада метродо көз жарган аял менен анын баласынын абалы жакшы экендигин, наристенин бир аз суукка үшүп калгандыгын орусиялык айрым басылмалар жазып чыккан болчу.

Бөлүшүү