Кыргызстанда калыбына келтирилген эл аралык жана ички аба каттамдар

Автор -
Бүгүнкү күндө Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан жана Россияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына ички авиакаттамдар калыбына келтирилди, деп билдиришти «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан.
Түркия:
Бишкек — Стамбул — Бишкек, жумасына 1 жолу «АвиаТраффикКомпани»;
Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 5, «Түрк аба жолдору»;
Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 7 жолу, «Пегасус Эйрлайнс»;
Анталья — Бишкек — Анталья, жумасына 1 жолу, «Пегасус Эйрлайнс».
Россия:
Москва — Бишкек — Москва, жумасына 1 жолу, «Аэрофлот»;
Бишкек — Москва — Бишкек, жумасына 1 жолу, «АвиаТраффикКомпани».
Казакстан:
Алматы — Бишкек — Алматы, жумасына 2 жолу, «Эйр Астана».
БАЭ:
Дубай — Бишкек — Дубай, жумасына 3 жолу , «Флай Дубай».
Өзбекстан:
Ташкент — Бишкек — Ташкент, жумасына 1 жолу, «Узбекистон хаво йуллари».
Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз каттамдар «AviaTrafficCompany» жана «Tez Jet» авиакомпаниялары тарабынан аткарылууда:
  • Бишкек — Ош — Бишкек, «Тез Джет» күнүнө 3 жолу (жумасына 21 каттам)
  • Бишкек — Ош — Бишкек, «АвиаТраффикКомпани» күнүнө 1 жолу (жумасына 7 каттам).
  • Жалал-Абад — Бишкек — Жалал-Абад, жумасына 1 жолу «Тез Жет».
  • Бишкек — Баткен — Бишкек, жумасмына 1 жолу «Тез Жет».
Исфанага ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттар боюнча учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралууда.
Бөлүшүү