Референдумду өткөрүүгө казынадан 39 млн сомдон ашык сумма керектелет

Автор -

Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралар боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары мыйзамдар менен кабыл алынган жол-жоболорго ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. БШК референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү үчүн зарыл болгон гана иш-чараларды эске алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, коэффициенттерди, лимиттерди, ставкаларды колдонуу менен чыгымдардын толук сметасын түздү.

Каржылык айкындуулукту арттыруу максатында БШК бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча эсепке алууга жана отчёттуулукка карата жаңы ыкмаларды түздү, ал аймактык шайлоо комиссияларына чыгымдардын сметасынын корголгон беренелери боюнча гана акча каражаттарын өткөрүп берүүнү өзүнө камтыйт.

Жүргүзүлгөн оптималдаштырууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 39 миллион 946 миң сом суммасында бекитти» — деп жазылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү