Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын четиндеги кашардан өрт чыгып, төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо 2020-жылдын 13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында чыккан.
«Өрттөн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метр сарай күйдү. Өрттүн кесепетинен 4 киши каза болду: 25 жаштагы келин, 4 жаштагы кыз, 6 жана 3 жаштагы эки эркек бала. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан 1 даана атайын өрт өчүрүү унаасы тартылган. Өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, саат 20:47де толук өчүрүлгөн», — дешет министрликтен.
Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.