Ысык-Көлдө бир жума аралыгында 25 мал уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы мезгилде Ысык-Көл облусунда мал уурулук кылмышы өзгөчө күчөп, элдин тынчын алган. Алсак, өткөн жумада аймакта 31 мал уурулук фактысы катталып, 11 баш жылкы, 35 баш бодо мал уурдалып, келтирилген зыян 1 млн. 485 миӊ сомду түзгөн. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында 25 фактынын бети ачылып, мал ээлерине 1 млн. 125 миӊ сомду түзгөн чыгым кайтарылып берилди. Андан тышкары, мал уурулук менен алектенген 1 кылмыш тобу аныкталып, колго түшүрүлгөн.
Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин аркасында Жети-Өгүз РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кезектеги мал уурулар тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгү ашкереленди.
Атайын операциянын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери райондон 1 баш жылкыны алып чыгууга аракет кылган эки адамды токтотушкан. Текшерүү учурунда жылкы Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринин жайытынан уурдагандыгы анык болгон. Шектүү катары кармалышкан жарандар райондук милицияга алып келинип, бардык жагдайлар боюнча тийиштүү иштери уланган.
Натыйжада аталган кылмыштуу топтун мал уурулук боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар 1 жылкы жана 15 бодо малды уурдагандыгы ашкерленди.
Учурда райондук милициянын тергөө кызматы «Уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Шектүү катары кармалган Жеӊиш айылынын 24 жаштагы С.А. жана 21 жаштагы А.Н. аттуу тургундары райондук соттун чечими менен тергөө учурунда 1 айга камакка алынды.