Чүйдө баңгизаттарды автоунаада ташып бара жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
КР Жазык Кодексинин 267-беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Петровка айылынан 1998-жылы туулган Э.Б. аттуу айдоочунун башкаруусунда «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаа 1995-жылы туулган Т.Т. аттуу жүргүнчүсү менен токтотулган.
Автоунааны кароо жүргүзгөн учурда жүргүнчүгө таандык болгон кол сумкадан 21,58 граммды түзгөн өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Ал эми автоунаага кароо жүргүзүүдө айдоочуга таандык болгон азык-түлүк салынган каптын ичинен өзгөчө кендир жыты бар 9 даана таңгакталган каражат табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган каражаттар жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн «гашиш» баңги каражаты деп аныкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.