Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалды

Автор -
215

Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, УКМКнын Корррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы О.К.Т. нын мыйзамсыз баюу фактысын аныктаган. Чогултулган материалдардын негизинде тийиштүү берене менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Судья эч кандай киреше булагы жок туруп, көп сандагы объектилерди, анын ичинде ВИП-шаарчанын ичинен элиталык кыймылсыз мүлк, алдыңкы курулуш компаниялардан батирлерди, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жакшы пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди, люкс-класстагы автоунааларды сатып алганы тастыкталган.

Андан тышкары, судьянын жана анын жакын туугандарынын Түркия, АКШ, Азия жана Бириккен Араб Эмираттарындагы курортторго байма-бай чыгып турганы аныкталды.

Судья О.К.Т. мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында  жарандык-укуктук келишимдерди тиешелүү органдарда каттатпай, айрым учурларда сатык келишимдерин башка эле адамдарга каттап жүргөн, текшерүүдө алардын да тастыкталган эч кандай киреше булагы жок болуп чыккан.

Ошондой эле сотко чейинки процесстин алкагында судья бир коммерциялык уюмга биргелешкен ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн 150 миң доллардан ашык суммада декларацияланбаган акча каражатын бергендиги аныкталды.

Мындан тышкары, судья өзүнүн чечими менен Убактылуу өкмөттүн Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу жөнүндөгү декретин жокко чыгарып, натыйжада мамлекеттик кызыкчылыктарга миллиондогон зыян келтирген. Ошол эле учурда аталган чечим үчүн судья улутташтырылуучу мүлктүн бир бөлүгүн сыйлык катары алгандыгы аныкталды.

Ушул жылдын 14-декабрында Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын чечими менен башкы прокурордун судья О.К.Тны жоопко тартууга макулдугун берүү жөнүндөгү сунушу канааттандырылды.

15-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны УКМКнын СИЗОсуна камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын аныктады. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.