Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 386 жаран сакайды

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 386 жаран сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек – 115
— Ош шаары – 15
— Чүй облусу – 110
— Ош облусу – 20
— Талас облусу – 18
— Нарын облусу – 8
— Ысык-Көл облусу – 41
— Жалал-Абад облусу – 28
— Баткен облусу – 31.

Учурда 1815 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
24 адам (0,7%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1225 (67,4%) — орто оордукта;
— 477 (26,2%) — оор абалда;
89 (4,9%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 2743 бейтап бар.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну 78415 адам жуктурду. Анын ичинен 71 656 адам айыкты. 1321 жаран каза тапты.