Кылычбек Саркарбаев жасалма документ менен УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаган.
«Мурдагы документ боюнча Сулайманов Кылыч Асылбекович 1987-жылы 28-декабрда туулган. Ал уюшулган кылмыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе экендиги аныкталган. Буга чейин Сулаймановго «тоноо» фактысы менен кылмыш иши козголуп, 2006-жылдын июнь айында Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.
Кылычбек Сулайманов жасалма документтердин негизинде ушул фактыны жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган. Ошону менен катар жасалма документтердин негизинде жумушка орношуп, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Саркарбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мекеме Кылычбек Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, көптөгөн кылмыштуу аракеттерди көрүүгө катышканын, анын ичинде эрежесиз эр урушта белгилүү согушчандын катышуусунда атышуу болгонун белгилеп кетти.
УКМКнын тергөө органдары анын катышуусу менен мыйзамсыз аракеттердин бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча тергөө жана текшерүү иш-чараларын жүргүзөт.