Өкмөт пенсияларды өз убагында берүүнү убадалады

Автор -

Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөө боюнча кармоолор болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

«Социалдык фонддун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө 4 миллиард 156 миллион сом керектелет. Ушул жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 пайызга каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат.

2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева 2021-жылы пенсия төлөөдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экенин билдирген.