Мадумаровдун штабына болгон коркутууларды ИИМ менен Башкы прокуратура текшерет

Автор -

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүү тобу президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоо планы коркутуулардан улам үзгүлтүккө учураганын айткан сөзү боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

17-декабрда бул тууралуу маалымат Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберилгенин Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров КТРКнын түз эфирде өзүнүн тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айткан.

«Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Тилекке каршы, мына ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага «бизде жаш азаматтар пайда болду, эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз» деп айтышты дешти мага», — деди КТРКнын түз эфиринде.

Саясатчы өзү ЖМКларга Ысык-Көлдөгү шайлоо штабынын кызматкерлери дагы өздөрүнүн атынан милицияга арыз жазуу маселесин талкуулап жатышканын билдирди.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт.

Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү