Жыштык сатуу иши боюнча кармалган Араев камакта калтырылды

Автор -

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев Тергөө абагында 2021-жылдын 12-январына чейин калат. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райсоту чыгарган. Эскерте кетсек, Азамат Араев күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан радиожыштыктарды сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Аталган комитет Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция фактысын иликтеп жатат.

Бөлүшүү