Төрт жаштагы бала оюнчук ышкырыкты жутуп алып, каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-декабрда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 2016-жылы төрөлгөн бала үйүндө ойноп отуруп, кокусунан желим ышкырыкты жутуп алган.
«Үйдөгүлөр дароо жардамга келгени менен жыйынтык чыккан эмес. Бала 20 мүнөттүн ичинде каза тапкан», — дешет милициядан.
Баланын апасы жана туугандары аны эсин жоготту деген ойдо ооруканага алып келишкен. Бирок дарыгерлер кеч болуп калганын түшүндүрүшкөн. Ата-энеси экспертиза жасатуудан баш тартышты.