Апрелден тарта жаңы паспорт бериле баштайт

Автор -

Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорту маалымат коопсуздугунун заманбап элементтери менен камсыздалган. Бул тууралуу 21-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди.

Анын айтымында, учурда паспорттун алгачкы үлгүлөрү Кыргызстанга келип түштү. Эми Тышкы иштер министрлиги менен Мамкаттоо кызматы аны легализациялоо боюнча жумуштарды аткарат. 2021-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстандын жарандары жаңы үлгүдөгү паспорт ала баштайт.

Жаңы паспорттун бир бетине Жарандык авиация боюнча эл аралык (International Civil Aviation Organization) уюмунун талаптарына жооп берүүчү атайын технология гана көрө ала турган атайын чип орнотулган. Ал чип менен чет өлкөгө виза алуу бир топ жеңилдейт.

Мамкаттоонун маалыматына караганда, жаңы паспорттун дизайнында Кыргызстандын ар бир облусунун символу болгон элементтер менен катар кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын, архитектурасынын, тарыхый эстеликтеринин сүрөтү камтылган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү