Кылычбек Саркарбаев февралга чейин камакта болот

Автор -

Жасалма документ колдонуу фактысы менен кармалган Кылычбек Саркарбаев эки айга СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын февраль айына чейин камакта болмокчу.

Кылычбек Саркарбаев 16-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалып, анда УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаганын билдиришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү