Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Автор -

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрь күнү болжол менен саат 07:55 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Юнусалиев көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, белгисиз айдоочу Юнусалиев көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып №21 үйдүн тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп алганы белгилүү болгон.

Жол кырсыгынан кийин башка күбөлөр жолдо жаткан жаранга жардам берип жаткан учурда, ошол эле багытта бара жаткан Toyota 4Runner үлгүсүндөгү авто унаа кайрадан ошол жарандарды сүзүп алган. Кырсыктын натыйжасында 70 жаштагы Н.В. аттуу аял киши ошол жерде көз жумуп, ага жардам бергенге аракет кылган 30 жаштагы М.А. аттуу жаран денесинен жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде болжол менен саат 12:30 чамасында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаанын 1955-жылы туулган С.Э аттуу айдоочусу кармалган.

Азыркы учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочулар Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.