Коронавирустан Баткенде бир жаран каза тапты

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза тапкан адам Баткен облусунда дарыланып жаткан.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 79254  адам жуктурду. Анын ичинен 73 005 киши айыгып чыкты. 1331 бейтап оорудан оңоло албай, каза тапты.