Коронавирустан бир суткада 225 киши айыкты

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 225 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек – 80
  • Ош шаары – 23
  • Чүй облусу – 34
  • Ош облусу – 5
  • Талас облусу – 6
  • Нарын облусу – 4
  • Ысык-Көл облусу – 28
  • Жалал-Абад облусу – 24
  • Баткен облусу – 21

    Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 79254  адам жуктурду. Анын ичинен 73 005 киши айыгып чыкты. 1331 бейтап оорудан оңоло албай, каза тапты.